Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-октябры № 528-б
Жаран Исабеков Кубанычбек Сатиндиевичтин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин үстүнөн 2005-жылдын 8-декабрындагы № Аи 79-97 жер казынасын геологиялык изилдөө максатында пайдалануу укугуна лицензияны жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы 2005-жылдын 8-декабрындагы № 4 Лицензиялык макулдашууну 2005-жылдын 22-июнундагы № Аи 79-97 лицензиянын, жер казынасын иштетүү максатында пайдалануу укугуна лицензиянын ажырагыс бөлүгү катары, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы 2006-жылдын 14-июлундагы № 3 лицензияны № АЕ 147 лицензиянын, 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 1541 АЕ жер казынасын иштетүү максатында пайдалануу укугуна лицензиянын ажырагыс бөлүгү катары, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 1 Лицензиялык макулдашууну № 1541 АЕ лицензиянын ажырагыс бөлүгү катары жараксыз деп табуу тууралуу доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун 2008-жылдын 15-сентябрдагы аныктамасынын негизинде:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнүн соттук органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча секторунун эксперти Арабаев Манасбек Матаевичке жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишин координациялоо борборунун директору Мамединова Чынара Кудайбердиевнага аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|