Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-октябры № 530-б
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24, 32, 33, 96 жана 99-статьяларына ылайык жана 1992-жылы туулган жарандарды аскердик каттоого коюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 1992-жылы туулган жарандарды 2009-жылдын январь-март айларында жергиликтүү аскердик башкаруу органдары аркылуу чакыруу участкаларына каттоону жүргүзсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жарандарды чакыруу участкаларына каттоону жүргүзүү үчүн:
- курамы комиссиянын төрагасы - райондук (шаардык) аскер комиссары жана комиссияга мүчө врачтар: хирург, терапевт, невропатолог, нарколог, дерматолог, психиатр, окулист, отоларинголог, стоматолог, ошондой эле медициналык сестралардын арасынан катчыдан турган чакыруу участкаларына жарандарды каттоочу райондук (шаардык) комиссияларды түзүшсүн;
- каттоодон өтүү үчүн жарандардын аскер комиссариаттарына келишин жана алардын чакыруу участкаларына автотранспорт менен уюшкандыкта жеткирилишин камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн;
- керектүү сандагы техникалык кызматкерлерди жана тейлөөчү персоналды, ошондой эле аскердик эсепке туруудан качкан жарандарды издөө үчүн автотранспорт бөлүп беришсин;
- комиссиялар тарабынан дарылоо мекемелерине жиберилген уландарды медициналык текшерүү жана дарылоо, ошондой эле эсепке алуу документтеринин бланктарын даярдоо үчүн акы төлөшсүн;
- техникалык кызматкерлер жана автотранспорт берилбеген учурда райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына техникалык кызматкерлерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармоо жана транспорт кызматтарынын чыгымдарына төлөө үчүн керектүү акча каражатын бөлүп беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча райондук (шаардык) комиссиялардын курамында иштөөгө квалификациялуу адис врачтарды жана орто медицина кызматчыларын зарыл санда жиберсин;
- жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча комиссиялар тарабынан жиберилген уландарды керектүү учурларда стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды чакыруу участкаларына каттоодо, аскердик каттоого туруудан качкан жарандарды издөөдө райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жардам жана көмөк көрсөтсүн, ошондой эле зарыл учурда аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартсын.
5. Ведомстволук таандыгына, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүү шарттарына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана окуу жайлардын, турак-жай эксплуатациялык уюмдардын, турак-жай курулуш кооперативдеринин жетекчилери, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү ошол ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана окуу жайларда иштеген (окуган) же ведомствого караштуу аймактарда жашаган, 1992-жылы туулган уландардын тизмесин райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына беришсин.
6. Комиссиялардын мүчөлөрүнүн, техникалык кызматчылардын жана тейлөөчү персоналдын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акысы сакталаары белгиленсин.
7. Жарандарды чакыруу участкаларына каттоо боюнча райондук (шаардык) комиссиялар өз иштеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана жоболорун бекем карманышсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|