Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-октябры № 531-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 264-б буйругу менен түзүлгөн Ташкөмүр-Кербен автомобиль жолунун 0-53 км реабилитацияланган участогун пайдаланууга кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиянын иши аяктаганына байланыштуу:
1. Ташкөмүр-Кербен автомобиль жолунун 0-53 км реабилитацияланган участогун пайдаланууга кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссиянын тиркелген Актысы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ташкөмүр-Кербен автомобиль жолунун реабилитацияланган 0-53 км чейинки участогун белгиленген тартипте балансына алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|