Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 14-октябры № 533-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Ашыралы Айталиевдин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымы өтүүчү күн - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 2008-жылдын 15-октябрында саат 10.00;
- сөөгү коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. А.Айталиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|