Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 14-октябры № 533-б
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Ашыралы Айталиевдин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Сыйданов К.С. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кененбаев Б.О. - Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Осмонов Б.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
Турапов К.Ы. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Садык Шер-Нияз - "Айтыш" фондунун президенти (макулдашуу боюнча);
Молдокасымов К.С. - "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору – башкы редактор (макулдашуу боюнча);
Үсөнбаев З.Ү. - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Жакиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Токтосартов А.Т. - "Руханият" эл аралык ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымы өтүүчү күн - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 2008-жылдын 15-октябрында саат 10.00;
- сөөгү коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. А.Айталиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 14-октябры № 533-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын Ашыралы Айталиевдин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- маркум менен коштошуу ырасымы өтүүчү күн - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 2008-жылдын 15-октябрында саат 10.00;
- сөөгү коюлуучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.
3. А.Айталиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|