Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 15-октябры № 534-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 75-б
буйругунун редакциясына ылайык)
Ош облусунун Алай районунун аймагында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана Алай районунун Нур айылынын жабыр тарткан калкына жардам көрсөтүү боюнча маселелерди ыкчам чечүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
Бабанов Ө.Т. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Ташиев К.К. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Ташпаева Н.А. - министр труда и социального развития Кыргызской Республики;
Карашев А.А. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Нарбаев К.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Султанов А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-февралындагы № 75-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Өкмөттүк комиссия төмөнкүлөрдү бекем контролго алсын:
- жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүн жана бузулган объекттерди калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иш-аракеттерин координацияласын;
- жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн "Кыргызпромстройбанктын" Ош бөлүмүндө ачылган атайын эсепке каражаттардын келишин жана түшкөн каражаттардын бөлүштүрүлүшүн;
- товар жана акча каражаттары түрүндө келип түшкөн гуманитардык жардамдын эсепке алынышын жана максаттуу пайдаланылышын камсыздасын.
3. Атайын эсепке түшкөн каражаттар ушул Өкмөттүк комиссиянын чечими боюнча гана пайдаланышсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|