Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-октябры № 536-б
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясына Ысык-Көл облусун социалдык өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен кызматтык үч автомашинаны белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|