Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-декабры № 198
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомун жана № 163 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына (2015-жылдын 23-ноябры, чыг. № 01-1/7-3166) Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынан (2015-жылдын 2-ноябры, чыг. № МС-4/3-83159) алардын катынын түп нускалыгы жөнүндө маалыматты суроо боюнча өтүнүч менен кайрылган. Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынан, аларда бул эсепке алынбагандыгы Ж.А.Саматовдун Россия Федерациясынын жарандыгы жок жана Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматы тарабынан бул документ катталбагандыгы жана берилбегендиги жөнүндө жооп алынды. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтому жана № 163 чечими жокко чыгарууга жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жообунун негизинде, (2015-жылдын 15-декабры, чыг. № 01-08/135), Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71, 73-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 46, 61-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтому жокко чыгарылсын.
2. (КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-январындагы № 6 токтомуна ылайык жокко чыгарылды)
3. (КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-январындагы № 6 токтомуна ылайык жокко чыгарылды)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомунун көчүрмөсү чакыртып алынсын.
5. (КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-январындагы № 6 токтомуна ылайык жокко чыгарылды)
6. Бул токтом жана тиешелүү материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|