Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 16-октябры № 540-б
1. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты кызматтык максаттарда пайдалануусу үчүн тиркемеге ылайык автотранспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Автотранспорттук бирикмесинин балансына өткөрүп берүүсүнө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасына 2008-жылга республикалык бюджетте каралган автотранспорттун жана каражаттын белгиленген лимитинин чегинде 4 автотранспорттук каражат сатып алууга уруксат берилсин.
3. Автотранспорттук каражаттарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана жергиликтүү сотторунда жеңил кызматтык, атайын жана дежур автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 591 КПҮ токтому менен белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 540-б буйругуна тиркеме |
┌──┬─────────────┬──────┬──────┬────────┬───────┬──────┬───────┬──────┐
│№ │Автомашинанын│ Чыга-│Мамле-│Кыймыл- │Кузов №│Техни-│Баланс-│Калдык│
│ │ маркасы │рылган│кеттик│даткыч №│ │калык │ тык │наркы │
│ │ │ жылы │номери│ │ │абалы │наркы │(сом │
│ │ │ │ │ │ │ │ (сом │менен)│
│ │ │ │ │ │ │ │менен) │ │
├──┼─────────────┼──────┼──────┼────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤
│1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
├──┼─────────────┼──────┼──────┼────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤
│1 │Гранд-Чероки │1996 │49 KG │номери │1J4GZ- │ оң │542041 │397044│
│ │ │ │ │жок │58V2ТY-│ │ │ │
│ │ │ │ │ │101137 │ │ │ │
├──┼─────────────┼──────┼──────┼────────┼───────┼──────┼───────┼──────┤
│2 │"Дэу-Корандо"│1998 │2022ВВ│000785 │КРТL2- │ оң │641441 │138552│
│ │ │ │ │ │В1СSW- │ │ │ │
│ │ │ │ │ │Р034585│ │ │ │
└──┴─────────────┴──────┴──────┴────────┴───────┴──────┴───────┴──────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов