Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-октябры № 547-б
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2008-жылдын 28-октябрынан 2-ноябрына чейин Фергана шаарына (Өзбекстан Республикасы) тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-октябрындагы № 547-б буйругуна тиркеме |
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;
Бургоев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Курбанов Ж.К. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Мадалиев А.М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Түнгатаров Б. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары;
Суеркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;
Жоробаев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери;
Жолчиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын улук офицери;
Сатыбалдиев А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун жер жайгаштыруу боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бөрүбаев Н.Н. - кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору;
Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бөлүмүнүн начальниги;
Мырзаев А.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги;
Боронбеков З.Б. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ала-Бука райондук башкармалыгынын начальниги;
Чоңмурунов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Араван райондук башкармалыгынын начальниги;
Энназаров К.Э. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кара-Суу райондук башкармалыгынын начальниги;
Эргешов А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги;
Сиддиков Д.А. - жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын мамлекеттик чегараны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов