Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 23-октябры № 555-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 136-б
буйругунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы "Молоташ", "Сулу-Тегерек", "Куру-Тегерек" жана "Каратөбө-Бузук" алтын кендерин иштетүү боюнча алтын казуучу компаниялардын иштеринин региондун экологиясына тийгизген таасирин изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
К.Масиров - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Алиев А.Т. - Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Дүйшембиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кулбаев А.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Маматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
Орозов Т.Б. - Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Рыскулов У.М. - Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими;
Төрөбаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Эшназаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 136-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык комиссияга:
- мамлекеттик органдардын тийиштүү адистерин, ошондой эле кез карандысыз эксперттерди ишке тартууга уруксат берилсин;
- түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|