Редакцияот 28.10.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 28-октябры № 559-б

Ата мекендик спортту колдоо жана мамлекеттин менчигине республикалык маанидеги спорттук объекттерди кайтарып берүү, ошондой эле аларды андан ары пайдалануу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында:

1. Төмөнкүлөрдүн колдонулушу токтотулсун жана күчтөрүн жоготту деп табылсын:

- 2004-жылдын 5-февралынан тартып - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы № 55-б буйругу;

- 2004-жылдын 12-февралынан тартып - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-февралындагы № 71-б буйругу.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

 И.Чудинов