Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 9-марты ПУ N 71 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү» Указына толуктоо киргизүү жөнүндө 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы№ 103 «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын ролун жана жоопкерчилигинжогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү» Указына төмөнкүдөй толуктоокиргизилсин: – 4-пункттагы «улуттук коопсуздук» деген сөздөн кийин «Мамлекеттиксалык инспекциясы» жана Финансылык полиция башкармасы» деген сөздөрменен толукталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - ушул Указдан келип чыккан уюштуруу маселелерин чечсин; - өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин. 3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликаснын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 4. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев