Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 446-б
Конференцияларды, эл аралык форумдарды жана жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация кура турган, Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасынын аймагындагы Ишкердик борборду (мындан ары - объект) курууну уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик курулуштун маанилүүлүгүн жана мөөнөттүн кыскалыгын эске алуу менен Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына көрсөтүлгөн объекттин курулушуна жана жабдууларына байланышкан жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан сатып алуу методу менен жүргүзүүгө уруксат берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик:
- объектти долбоорлоону жана курууну параллелдүү жүргүзүүгө уруксат берсин;
- долбоорго ылайык курулуш-монтаждык иштердин сапатына, жумуштардын көлөмүнүн иш жүзүндө аткарылышына жана сметалык нормаларды колдонууга контролдук жүргүзүүнү камсыз кылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |