Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 12-октябрындагы № 586-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 448-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 224-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лубяное айылындагы көрүстөндү көчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн ушул буйруктун 1-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык алынган каражаттан 3 млн. (үч миллион) сом бөлүп берсин.";
көрсөтүлгөн буйруктун № 2 тиркемесинде:
- "Бардыгы" деген графадагы "6600" жана "9950" сандары тийиштүүлүгүнө жараша "3600" жана "6950" сандарына алмаштырылсын;
- "СМР" графасындагы "5930" жана "8930" сандары тийиштүүлүгүнө жараша "2930" жана "5930" сандарына алмаштырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |