Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2 январы № 2-р
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына форма кийимин сатып алуу үчүн республикалык бюджетте каражаттардын тартыштыгына байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына белгиленген тартипте 300 000 (үч жүз миң) сом 2003-жылдын 31-июлундагы № 31 кредиттик келишимге жана аталган келишимдин 2003-жылдын 23-августундагы № 1 кошумча макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин карызын жоюу эсебине бөлүнсүн.
2. «Теским» акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин катышуусу ленен комиссиялык түрдө төмөнкүлөрдү баланстан баланска өткөрүп Зерүү сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 68 бирдик санында мамлекеттик кызматчылардын даяр формалык кийимин;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 19782 (он тогуз миң жети жүз сексен эки) сом суммасына 176,0 метр жүн кездеменин калдыгын жана топчуларды.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 68 бирдик санында мамлекеттик кызматчылардын даяр формалык кийимин балансына кабыл алсын жана аларды муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам иретинде бөлүштүрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул буйруктун 2-пунктунун үчүнчү абзацында аталган жун кездеменин калдыгын жана топчуларды балансына кабыл алсын жана аларды кайтарылгыс негизде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгына берсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөржай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |