Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 14-январы № 11-б
Республиканы жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо жана 2007-2008-жылдардын жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 2007-2008-жылдардын жылытуу сезонунун мезгилине мазут жана жаратылыш газын берүү үчүн алдын ала акы төлөөгө төмөнкүлөрдү кароочу кредиттик келишимдин шарттарында бир жылдык мөөнөт менен 8 млн. АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин:
- кредитти пайдалануу үчүн проценттик ставка - жылдык 3 процент;
- убагы өткөн төлөмдөр үчүн проценттик ставка - жылдык 8 процент;
- карызды төлөө мөөнөтү - 2008-жылдын 31-декабрына чейин;
- төлөө мезгилдүүлүгү - 2008-жылдын 1-июнунан тартып ай сайын бирдей үлүш менен.
2. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жогоруда көрсөтүлгөн кредитти кайтарып берүүнү камсыздоо сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |