Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 15 январы № 15-б
Жер титирөөлөрдүн кесепетинен жабыркаган Ош облусунун жана шаарынын калкына жардам көрсөтүү жана алардын кесепеттерин жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1 млн. сом бөлүнсүн, анын ичинде:
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясына - 700 (жети жүз) миң сом;
- Ош шаарынын мэриясына - 300 (үч жүз) миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун пунктүнда көрсөтүлгөн каражатты жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн юридикалык жана жеке жактар тарабынан түшүүчү акча каражаттарын топтоо үчүн атайын казыналык эсепке которсун.
Атайын казыналык эсептин реквизиттери: Алуучу: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы, расчеттук эсеби № 1010100037100837;
Алуучу банк: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы БИК: 101001.
3. Ош облусунун мамлекеттик администрациям жана Ош шаарынын мэриясы каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылышсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |