Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 15-январы № 13-б
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кытайдын Өнүктүрүү банкынын, "Фул Голд Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун, "Линь Бао алтын" жоопкерчилиги чектелген акционердик коомунун, Кытайдын жол жана көпүрө куруу боюнча "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" корпорациясынын, Кытай Эл Республикасынын Синьзян-Ушур автономдуу районунун "Линь Си" инвесткомпаниясынын ортосундагы Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун 190 километрден 240 километрине чейинки участогун реабилитациялоо жана "Иштамберды" алтын кенин иштетүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |