Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-январы № 18-б
Турак жай курулушунун бүтө элек объектилерин натыйжалуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселелерин чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кайырма айылындагы курулушу бүтө элек 42 квартиралуу турак үйдү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жогоруда аталган объектини кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |