Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-январы № 19-б
"Кайыңды кабель заводу" ачык акционердик коомунун ишин калыбына келтирүү жана турукташтыруу үчүн инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын иштелип чыгуучу долбоорундагы акциялардын мамлекеттик пакети менчиктештирилүүгө тийиш болгон ишканалардын тизмесине "Кайыңды кабель заводу" ачык акционердик коомун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги "Кайыңды кабель заводу" ачык акционердик коому менен бирдикте заводдун иш-аракетин калыбына келтирүү жана турукташтыруу боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 633-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |