Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-февралы № 30-б
Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүндө 2008-жылдын 5-8-февралында болуучу Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Г.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри;
Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Ибримова Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Исаев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук талдоо секторунун башчысы;
Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча секторунун башчысы;
Исаков Ж.Ы. - Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Тарбинский О.С. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы финансылык жардам башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн тиешелүү протоколуна кол койсун, ошондой эле белгиленген тартипте "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу" (Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктура долбоору) жана "Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин ортосундагы долбоор жөнүндө макулдашуу" (Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктура долбоору) долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнү жана министрликтерде, башка мамлекеттик органдарда жана Бишкек менен Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында макулдашууну камсыз кылсын жана макулдашуулардын аталган долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин тиешелүү долбоорун киргизсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |