Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-февралы № 39-б
Мекенди коргоочунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Мекенди коргоочунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети 2008-жылдын 12-февралына чейин салтанаттуу иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын жана чыгымдардын сметасын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүүгө 150,0 (жүз элүү) миң сом бөлүнсүн, анын ичинен:
- Салтанаттуу иш-чараларды жана майрамдык "концерттерди уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 108560 (жүз сегиз миң беш жүз алтымыш) сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, ооруктун эмгекчилерин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамынын ардагерлерин сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына 41440 (кырк бир миң төрт жүз кырк) сом.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жер-жерлерде Мекенди коргоочунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-февралындагы № 39-б буйругуна тиркеме |
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Жапаров А.М. - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Молдошев З.М. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы;
Эшимканов М.А - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Алымкожоев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысы (макулдашуу боюнча);
Үсөнов Д.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Бакиров А.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Калыгулов М.Д. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командачысынын орун басары;
Молдобаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана эркинен ажыратылган, камакка алынган адамдарды конвоирлөө департаментинин начальнигинин орун басары;
Токомбаев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Согуш жана эмгек, Куралдуу Күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
М.Исмаилов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-февралы № 39-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Мекенди коргоочунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүүгө 150,0 (жүз элүү) миң сом бөлүнсүн, анын ичинен:
- Салтанаттуу иш-чараларды жана майрамдык "концерттерди уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине 108560 (жүз сегиз миң беш жүз алтымыш) сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, ооруктун эмгекчилерин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамынын ардагерлерин сыйлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына 41440 (кырк бир миң төрт жүз кырк) сом.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-февралындагы № 39-б буйругуна тиркеме |
Мекенди коргоочунун күнүнө арналган
салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана
өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ