Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-февралы № 40-б
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк подразделениелеринин негизги каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана темир жол транспортунун кызматкерлерин жана Бишкек шаарынын тургундарын соодалык тейлөөнүн уюштурулушун өркүндөтүү максатында:
1. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Жумуштук жабдуу бөлүмүнө таандык аймакта соода-базар комплекс курууга жана белгиленген тартипте уюштурууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасы менен бирдикте "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Жумуштук жабдуу бөлүмүнүн балансында турган жана соода-базар комплексин курууда бузулууга тийиш болгон имараттар менен курулмалардын тизмесин макулдашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Бишкек шаарынын мэриясы жер участоктун максаттык арналышы өзгөргөнүнө байланыштуу жерди эсепке алуу документтерине жана жер участокко укукту күбөлөндүрүүчү документтерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |