Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-марты № 67-б
"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 13-статьяларына ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен жапа чеккен Ош облусунун жана Ош шаарынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам иретинде мамлекеттик резервдин номенклатурасынан жана топтоо нормасынан чыгарылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-июнундагы № 279-б буйругу менен сактоо мөөнөтүнүн өткөнүнө байланыштуу брондон чыгарылган төмөнкүдөй товардык-материалдык баалуулуктарды Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жана Ош шаарына белгиленген тартипте берсин:
- брезент менен капталган боз үйлөр - 54 даана, анын ичинде Ош шаарына - 16 даана;
- боз үйлөргө мештер жана суу үчүн челектер - 54 даана, анын ичинде Ош шаарына - 16 даана;
- УСБ-56 чатырлары - 23 комплект, анын ичинде Ош шаарына 7 комплект.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун мамлекеттик администрациясына жана Ош шаарына гуманитардык жардамды жеткирүүнү уюштурсун.
3. Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатору жана Ош шаарынын мэри:
- гуманитардык жардамга муктаж тургундардын тизмесин тез арада түзүшсүн;
- ар бир муктаж үй-бүлөгө өзүнчө гуманитардык жардам бөлүштүрүү боюнча тизме түзүшсүн;
- Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочуларына убактылуу пайдалануу үчүн гуманитардык жардамды даректүү тапшырууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга бекитилген бюджеттин каражатынын чегинде зарыл акча каражатын бөлүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ушул буйруктун 1-пунктунун төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик резервдин запастарын толтуруу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине дайындалган жерге гуманитардык жардамды жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо үчүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |