Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-марты № 86-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-октябрындагы № 393-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмдарынын өлкөлөрүнүн аракеттенүү зонасында бирдиктүү чегаралык, миграциялык жана визалык саясат түзүүгө карата эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
- Зарылбек уулу А., Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин паспорттук-визалык бөлүмүнүн башчысы;
- Абакова Н.Б., Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Паспорттук жана визалык контроль департаментинин визалык контроль бөлүмүнүн начальниги.
2. Аталган эксперттик топтун курамынан Рыскулов А.Т., Сабыров Т.Ы. чыгарылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |