Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-марты № 92-б
Мамлекеттик күзөт объекттерин, ошондой эле чет мамлекеттердин өкмөттүк делегацияларын коштоону уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инспекциясына белгиленген лимиттин чектеринде атайын каражаттардын эсебинен жол тандабай жүрүүчү "УАЗ" маркасындагы эки автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автомашина сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |