Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-марты № 95-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүн 2008-жылы Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын Өткөрүүгө өз убагында даярдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйү үчүн лифттерди сатып алууга жана монтаждоого сарптоолорун 2008-жылга каралган сарптоолор сметасына ылайык 36,0 млн. сом суммада өз убагында каржылоону ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына лифттерди "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-статьясына ылайык "бир булактан" ыкмасы менен демонтаждоого, сатып алууга, орнотууга жана лифт шахталарына курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берсин.
3 Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |