Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-марты № 96-б
Мамлекеттик резервге аштык буудайды коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешинин 2007-жылдын 8-ноябрындагы № 2 чечимине ылайык, республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык резервине коюу үчүн 50 миң тонна аштык буудайды белгиленген тартипте сатып алсын;
- жогоруда аталган аштык буудайды сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети аталган аштык буудайды ташып келүүдө жана андан аркы берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 246-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү эки айлык мөөнөткө жылдырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна аштык буудайды сатып алууга жана бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берсин жана андан кийин "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |