Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-марты № 98-б
2008-жылдын 21-марты - Нооруз майрамына жана 24-марты - Элдик революция күнүнө арналган иш-чараларды уюштуруу жана аны өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Досбол Нур уулу - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Үсөнов Д.Т. - Бишкек шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Исаков И.И. - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Конгантиев М.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Ногоев А.И. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Исаков Ж.Ы. - Ош шаарынын мэри;
Болотбеков Б.Б. - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Жумабеков М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Исаев К.Ш. - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Карашев А.А. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Масиров К. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Рахманов Т.Р. - Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Суваналиев О.И. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Сыйданов К.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Бейшенкулов Б.Т. - Бишкек шаарынын Биринчи май районунун администрация башчысы.
2. Уюштуруу комитети иш-чаралардын планын иштеп чыгып, аны бекитип жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелерин чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн өздүк каражаттарынан 150000 (жүз элүү миң) сом карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик өздүк каражаттарынын эсебинен, ошондой эле демөөрчүлөрдүн жана спорт федерациясынын каражаттарынын эсебинен "Аккула" ат майданында иш-чараларды өткөрсүн.
4. Ала-Тоо аянтында Нооруз элдик майрамына жана Элдик революция күнүнө арналган концерттик программаларды даярдоо жана өткөрүү үчүн каралган 370000 (үч жүз жетимиш миң) сом суммасындагы сарптоолор Бишкек шаарынын мэриясынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы көңүлгө алынсын.
5. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын, Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын башчылары улуттар аралык ынтымактын жана Кыргызстан элдеринин биримдигинин идеяларын пропагандалоо менен Нооруз - 21-март майрамына жана 24-март - Элдик революция күнүнө арналган иш-чараларды жер-жерлерде даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылышсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |