Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-марты № 106-б
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 173-б, 2011-жылдын 15-мартындагы № 67-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Абсамат Масалиев атындагы коомдук фондго мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана анын иштеши үчүн шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте Абсамат Масалиев атындагы коомдук фондго Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 56 дарегинде жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттагы № 5, 6, 7 кабинеттерди кайтарымсыз пайдалануунун келишим шартында, коммуналдык кызматтарга жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен бөлүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 173-б, 2011-жылдын 15-мартындагы № 67-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |