Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-марты № 107-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелинин № 188-б, 2010-жылдын 29-декабрындагы № 225-р, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык, мамлекеттик коопсуздукту жана мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "Курулуш, инвестициялар жана соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы оңдоо-курулуш иштерин аткарууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Кыргызкурулушсервис" мамлекеттик ишканасы курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш иштерин жана объекттерди реконструкциялоону аткарууда тендер өткөрбөстөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга уруксат берилсин, ушул иштерди төмөнкү өзгөчө режимдеги объекттерде жүргүзүүнү мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имараты;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 1 Мамлекеттик резиденциясы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын № 2 Мамлекеттик резиденциясы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясы (Ош шаары);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын "Ала-Арча" Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы мейманкана-иш комплекси;
- "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплексинин аймагындагы администрациялык имараттардын комплекси;
- Бишкек шаары, Абдумомунов, 207 дареги боюнча жайгашкан административдик имараты.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-апрелинин № 188-б, 2010-жылдын 29-декабрындагы № 225-р, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
| И.Чудинов |