Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 28-марты № 113-б
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин Чыгыш башкармалыгынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Портовый көчөсү, 71 "А" дареги боюнча жайгашкан имаратты Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин Чыгыш башкармалыгынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |