Редакцияот 31.03.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 31-марты № 114-б

2008-жылдын 3-5-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:

1. Төмөнкүдөй курамда Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы бекитилсин:

Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жана КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын толук ыйгарым укуктуу өкүлү;

Аманова Сапия Жунаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;

Рец Татьяна Борисовна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;

Ниязбеков Темир Карыпбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы,

Сыдыков Данияр Батырович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине катышуусуна байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов