Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 2-апрели № 115-б
1. Төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Түп райондук финансы бөлүмүнө белгиленген тартипте 1998-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 818984 "Киа Спорт Эйдж" маркасындагы жеңил автомашинаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп механикалаштырылган токой чарбасынын балансына өткөрүп берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ысык-Көл райондук финансы бөлүмүнө белгиленген тартипте 1993-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 136383 "ГАЗ-31029" маркасындагы жеңил автомашинаны Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Түп механикалаштырылган токой чарбасы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү белгиленген тартипте дежурдук автотранспорт катары пайдалануу учун ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашиналарды баланстарына алсын жана тариздешсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |