Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-апрели № 120-б
Жалалабат облусунун Токтогул райондук прокуратурасын кызматтык имарат менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте Токтогул райондук жол-курулуш башкармалыгынын Жалалабат облусу, Токтогул району, Токтогул шаарчасы дареги боюнча жайгашкан имаратын Токтогул райондук прокуратурасын жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |