Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-апрели № 124-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Hyp уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Акунов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Салымбеков A.M. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Отунбаева Р.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Масалиев И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Сыдыков Y.C. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Үсөнов Д.Т. - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Жумабеков М.Ж. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору;
Үсөналиев Б.С. - А.Масалиев атындагы коомдук фондунун директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Алиев Т.А. - Согуш жана эмгек ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Акназаров К.А. - ардагер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (макулдашуу боюнча);
Даникеев 0.Д. - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);
Дүйшеев О.Д. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Ишемкулов Г.И. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери А.Масалиевдин өмүрү жана ишмердиги тууралуу эскерүүлөр китебин басып чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн резервдик фондунан 250 000 (эки жүз элүү миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 8-апрели № 124-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)