КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 10-апрели № 128-б
"Жер байлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясына ылайык, "Тегене" ташкөмүр кенинин Тегене-шахта участогун иштетүү максатында жер байлыктарын пайдалануу укугуна конкурс уюштуруу үчүн:
1. "Тегене" ташкөмүр кенинин Тегене-шахта участогун иштетүү максатында жер байлыктарын пайдалануу укугуна конкурс жарыялансын.
2. Төмөнкүдөй курамда конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасы;
Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Акбаров А.А. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары;
Жумалиев К.Н. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн башчысы;
Эшназаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Какитаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин Кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциясынын начальниги, комиссиянын катчысы.
3. Комиссия эки жумалык мөөнөттө конкурс өткөрүүнүн жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун шартын жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |