Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-апрели № 130-б
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-казакстан биргелешкен комиссиянын Астана шаарында (Казакстан Республикасы) 2008-жылдын 16-17-апрелинде боло турган жетинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-казакстан биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Балкибеков Сапарбек Эсенович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, комиссиянын төрагасы;
Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын катчысы;
Айталиев Анаркул Максүтович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, алдын алуу жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментинин директору;
Айтикеев Саламат Кутчуевич - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Асанбаев Алмазбек Жолчуевич - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин статскатчысынын милдетин аткаруучу;
Бешимов Аскар Жолчубекович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Давыдов Ильяс Абдуллович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Дурусалиев Мурат Жуманалиевич - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Жусупов Кубанычбек Калыгулович - "КырКазГаз" биргелешкен ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Иманалиев Алмаз Мамыркулович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кадыркулов Мукай Асанович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын кеңешчиси;
Касымалиев Мукамбет Шадыканович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кошматов Баратали Туранович - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин директору;
Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Мамбетов Базарбай Эстебесович - Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Махаммадов Ахмаджан Махаммадович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Момуналиев Уланбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы соода өкүлү;
Нишанов Жалалидин - "Кыргыз Петролиум Компани" жабык акционердик коомунун администрациялык директору (макулдашуу боюнча);
Өмүркулова Айдай Муктарбековна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи секретары;
Орозалиев Руслан Султанович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин инновациялык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы;
Рысмендиев Асан Алмазович - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары;
Рустенбеков Жаныш Султанкулович - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси;
Сыдыкова Гулмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти;
Токторбаев Нурлан Эсенжанович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин жардамчысы;
Эсеналиев Алмаз Шукурбекович - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси.
2. Делегация мүчөлөрүнүн Астана шаарына барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-апрелиндеги № 91-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |