Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-апрели № 132-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-февралындагы № 04-47-44 тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын мэринин катында коюлган маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, топтун жетекчиси;
Алымкулов Ч.Т. - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Асанова Г.П. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Бакиров Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн уюштуруу жана контролдоо иштери секторунун башчысы (макулдашуу боюнча).
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Жакыпов А.С. - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Касымов Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн экономикалык саясат секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Сыдыков А.Ч. - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ Бишкек шаарынын мэринин катында баяндалган маселелерди он күндүк мөөнөттө изилдеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте сунуш киргизсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |