КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 11-апрели № 133-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 13-июлундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу, маалыматтык ресурстарды уруксат берилбеген алуудан коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг системасын түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине 3 G "WСDМА/UMTS" стандартында радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна сынамык конкурстун жеңүүчүсү которуучу 40,0 млн. сомду радиомониторингдин мамлекеттик системасын колдоо үчүн кириштөө максатында атайын эсеп ачууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук коопсуздук концепциясын камсыздоонун максаттарына жана милдеттерине ылайык натыйжалуу жана сарамжалдуу чыгымдоону камсыздоо сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |