Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-апрели № 148-б
Жаран Исабеков Кубанычбек Сатиндиевичтин Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-майындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" биргелешкен Кыргыз-Канада ишканасынын ортосундагы концессиялык келишим жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен "Кумтөр Голд Компани" биргелешкен Кыргыз-Канада ишканасынын ортосундагы алтын запасы 516 тонна Борбордук участогунун чегинде "Кумтөр" кенин иштетүүгө концессия берүү тууралуу концессиялык келишимди, 2005-жылдын 8-декабрындагы № Аи 79-97 жер казынасын геологиялык изилдөө максатында пайдалануу укугуна лицензияны жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы 2005-жылдын 8-декабрындагы № 4 лицензиялык макулдашууну № Аи 79-97 лицензиянын ажырагыс бөлүгү катары, 2005-жылдын 22-июнундагы № АЕ 147 жер казынасын иштетүү максатында пайдалануу укугуна лицензияны жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен "Кумтөр Голд компани" жабык типтеги акционердик коомунун ортосундагы 2006-жылдын 14-июлундагы № 3 Лицензиялык макулдашууну № АЕ 147 лицензиянын ажырагыс бөлүгү катары, 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 1541 АЕ жер казынасын иштетүү максатында пайдалануу укугуна лицензияны жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен "Кумтөр Голд компани" жабык типтеги акционердик коомунун ортосундагы 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 1 Лицензиялык макулдашууну № 1541 АЕ лицензиянын ажырагыс бөлүгү катары жараксыз деп табуу тууралуу берген арызынын негизинде:
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун экономика жана финансы башкармасынын начальниги Жапаров Дилгер Союзбековичке жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги Обомбаев Сагындык Токушевичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укутуна ишеним кат берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |