Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 18-апрели № 150-б
"Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан акысыз жардам түрүндө берилген ТКМ-16 маркасындагы 3000 тонна жагуучу мазутту сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому менен акысыз жардам берүү жөнүндө келишим түзсүн;
- ТКМ-16 маркасындагы 300 тонна жагуучу мазутту кабыл алсын, мында "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек жана Ош шаарындагы жылуулукэлектроцентралдары жооптуу сактоочу болуп аныкталсын;
- мазуттун көрсөтүлгөн көлөмүн бажылык тариздөөнү ишке ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде мазуттун алынган көлөмүн бөлүштүрүүнү жана берүүнү ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети ушул буйруктун 1-пунктунун бешинчи абзацында белгиленген тартипте мазут берилген учурдан тартып бажы төлөмдөрүнүн шарттуу эсептелген суммасын төлөө боюнча милдеттер токтотулду деп эсептесин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |