Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-апрели № 152-б
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык жана мамлекеттик жерлерди инвентаризациялоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасы;
Алымкулов Ч.Т. - Бишкек шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Иманалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Жумабаева К.Ж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдыкадыров Э.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Дүйшөмбиев Б.О. - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын начальниги;
Турсунбаев О.А. - Бишкекбашкыархитектуранын башкармалык начальниги;
Урманбетов З.К. - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Комиссияга Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
3. Комиссия Бишкек шаарынын жер участокторун инвентаризациялоонун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки айлык мөөнөттө берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |