Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 22-апрели № 163-б
1 .Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий – изилдөө институтуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 1 152 000 (бир миллион жүз элүү эки миң) сом медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн бөлүнсүн, анын ичинде:
- артериалдык басымды инвазивдик өлчөө үчүн термодилюциялоо датчиги бар кроватка бекитилүчүү монитор – 3 комплект, наркы беш жүз кырк миң сом;
- кандагы бош гепариндин деңгээлин аныктоо үчүн АСТ – тест – 1 комплект, наркы эки жүз сексен миң сом;
- перфузорлор – 1 комплект, наркы үч жүз жыйырма төрт миң сом.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |