Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 24-апрели № 167-б
1941-1945 – жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 63 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мурдагы кызматкерлерин сыйлоо үчүн сарптоолордун тиркелген сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 24 070 (жыйырма төрт миң жетимиш) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрели № 167-б буйругуна тиркеме |
№ | Аталышы | Суммасы (сом менен) |
1. | Материалдык жардам берүүгө | 10 000 |
2. | Азык-түлүк топтомун берүүгө | 8570 |
3. | Майрамдык сый тамак уюштурууга | 5500 |
| бардыгы | 24 070 |