Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 25-апрели № 169-б
1. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын символдору жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан гравировка менен белекке берилүүчү кол саатарды даярдоого Москванын «Полет-Хронос» саат заводуна берилчү заказга төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 330 000 (үч жүз отуз миң) сом бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн белекке берилчү кол сааттарга белгиленген тартипте заказ берсин, алсын, жеткирсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына өткөрүп берсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |