Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 29-апрели № 176-б
Курулуш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин 2008-жылдын 25-январындагы заседаниесинин № 1 протоколун жана инвестициялык-курулуш прогрессинин лицензиялык-уруксат берүүчү жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча чараларды аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын курулуш комплекси тармагындагы мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. Курулуш комплексинин негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Касиев Геннадий Фаридович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин курулуш комплекси бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Ажибаев Жаныбек Бейшенович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги;
Ажиев Туристбек Карыбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агештиктин жер жайгаштыруу жана жер кадастры башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Айдаралиев Азат Кайыпович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Арапова Чинара Байышовна - "Кемоникс" жер реформасы жана жер рыногун өнүктүрүү боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча);
Асылбеков Талай Рахманович - Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Бердыбаев Эдил Эсенович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өнүктүрүү бюджети бөлүмүнүн башчысы;
Демиденко Геннадий Васильевич - "Мамлекеттик турак жай-коммуналдык чарба ишканалар союзу" отун-энергетикалык ресурстар кызматынын жетекчиси;
Догадин Андрей Григорьевич - Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Касымова Гүлсара Токтогуловна - Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин энергетика жана газ башкармалыгынын газ жана жылуулук менен жабдуу бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыдыралиев Үсөн Капарович - Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Маматкулиев Эмил Асанович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын инвесторлорго көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы;
Мурзаев Кубат Садырбекович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги;
Раимкулов Рустамбек Имашевич - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун келечектүү өнүктүрүү секторунун начальниги (макулдашуу боюнча);
Сабыров Эрмек Сабырович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун капиталдык курулуш жана келечектүү өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Сатыбекова Айжан Эркиновна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын ишкердикти коргоо жана жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы;
Сон Лариса Валентиновна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Суракматов Азиз Эмилбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын начальниги;
Тайлаков Адыл Абылович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Темирболот уулу Канат - "Кемоникс" жер реформасы жана жер рыногун өнүктүрүү боюнча ЮСАИД долбоорунун зонд менен изилдөө боюнча юристи (макулдашуу боюнча);
Үсөнов Султанбек Жумабаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Хасанов Рафкат Фагамзянович - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин секретариатынын эксперти (макулдашуу боюнча);
Шамшиев Насирдин Шамшиевич - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин региондук саясат башкармалыгынын начальниги;
Шаповалова Юлия Николаевна - бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун юристи (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө курулуш комплекси тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл учурларда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |