Редакцияот 29.04.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 29-апрели № 177-б

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматына 2008-жылдын республикалык бюджетинде Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматына каралган каражаттардын эсебинен "УАЗ-3909" маркасындагы үч автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов