Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 3-майы № 183-б
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Дүйнөлүк банктын Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн офисинде 2008-жылдын 6-8-майында өтүүчү Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" экинчи долбоорунун гранты боюнча каржылоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, делегациянын жетекчиси;
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы финансылык жардамдар башкармалыгынын начальниги;
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Бешимов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Жээнбеков Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жер-агрардык маселелер жана экология боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жолдошов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы;
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |